Биз менен байланышыңыз

Өспүрүм каза болгон Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн директору кызматтан четтетилет

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 349 | 0

Бүгүн, 16-июнда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүндөгү тарбиялануучунун өлүмү боюнча көчмө кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешме Рысбекованын төрагалыгы астында өтүп, ага тиешелүү министрликтердин жетекчилери, балдардын укуктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу И. Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайы каралып, жарандык активисттердин суроолоруна жооптор берилди.

Кеңешмеде И. Якуниндин өлүмүн иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин аракеттери же аракет көрбөгөнүнөн улам келип чыккан кайгылуу окуя үчүн жоопкерчилигин кароо чечими кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлигине Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорун тергөө иш-чаралары бүткөнгө чейин кызматынан убактылуу четтетүү, ошондой эле министрликтин кызмат адамдарынын тартип жоопкерчилигин, алардын ээлеген кызмат ордуларына ылайыктуулугун кароо сунушталды.

Ошондой эле болуп өткөн трагедияга байланыштуу Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, алардын ичинде каза болгон баланын бир тууганы Б. Якунинге психологиялык жардам көрсөтүү тапшырылды.

Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтеп, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү сунушталды.

Эскерте кетсек, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу 1-июнда каза болгон. Анын өлүмү 12-июнда белгилүү болгон.

12 жаштагы бала каза болгонго чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалымкат бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM