Биз менен байланышыңыз

Орусиялыктар Кыргызстанды «дос» өлкө деп эсептейт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 415 | 0

Орусиялыктар Кыргызстанды «дос» өлкө деп эсептейт. Бул Орусиянын «Левада» аналитикалык борборунун сурамжылоосунда белгилүү болду.

Сурамжылоого ылайык, Орусияга «дос» өлкө катары биринчи орунда Беларусь турат. Экинчи орунду Кытай, ал эми үчүнчү орунду Казакстан ээлеген. Дос катары эсептелген өлкөлөрдүн ондугуна Армения, Индия, Азербайжан, Кыргызстан, Сирия, Германия жана Куба кирген.

Ошол эле учурда «дос эмес» өлкөлөрдүн катарында биринчи орунда АКШ жайгашкан. Андан кийин Украина жана Улуу Британия турат. Бул тизмедеги ондукта Латвия, Польша, Литва, Германия, Грузия, Чехия жана Эстония бар.

Кызыгы, Германия өлкөсү «дос» катары да, «дос эмес» катары да сыпатталган. «Дос» өлкөлөрдүн тизмесинде ал тогузунчу орунда жайгашкан. Ал эми «дос эмес» мамлекет катары жетинчи орунда турат.

«Левада» борбору – Орусиядагы бейөкмөт изилдөө уюму. Ал Орусия соту тарабынан «чет элдик агент» деп таанылган. Уюм ал чечимге макул эместигин билдирип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM