Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Мессарош көчөсү убактылуу жабылат

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 212 | 0

Бишкекте 19-июндан тарта Кызыл-Аскер аймагындагы Мессарош көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, аталган тилкеде 600 метр жер оңдолуп, жолдун туурасы 11,5 метрге кеңейет. Ошондой эле жөө адамдар баса турган жол 1,5 метрден 2,25 метрге чейин кеңейтилет.

Оңдоо иштери Кытай берген гранттык каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Быйыл мэрия 44 көчөгө асфальт төшөөнү планда жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM