Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Карвен групптун» ээси Генрих Балян алдамчылыкка шектелип кармалды

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 528 | 0

Алдамчылык фактысы боюнча 15-июнда «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян мамлекеттик банктардын биринин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, кардарлардын кызыгуусун жаратпаган (өтпөй турган) кыймылсыз мүлктү 670 миң долларга баалатып, жасалма документ менен жок адамдын атынан 2.3 млн доллар насыя алган.  Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы фактыны тастыктаган документтер алынды.

Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча ачылган иштин алкагында Генрих Балян УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Жакынкы арада анын баш коргоо чарасы каралат.

Белгилей кетсек, мындан мурда ушул кылмыш ишинин алкагында аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары А.К. кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM