Биз менен байланышыңыз

Токтогазиев: Баалуу суу түтүктөрүн көчөдөгү билборддорго мамы кылып алганбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Июн 2021 | 766 | 0

Учурда Бишкек көчөлөрүндө илинип турган көрнөк-жарнактардын мамылары бир кезде талааларга суу жеткирүүдө колдонулчу. Бул тууралуу мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мен бир кызыктуу факт айта кетейин. Көчөдөгү билборддорду көрүп жүрөсүңөр го, ошолордун мамылары бир кезде ирригациялык түйүндөрдүкү болчу. Алар аябай кымбат металлдан жасалган суу жеткирүүчү түтүктөр эле. 1990-жылдары биздин улуураак муун ошолорду сактап кала алган жок. Талаалардан уурдалып, кесилип, металлолом катары тыйындарга сатылып, канчасы Кытайга чыгып кетти. Баары талкаланды. Эми биз аларды калыбына келтире албай, миллион долларлап карыз алып жүрөбүз», — дейт ал.

Тилек Токтогазиев: Чүй суусун бойлото 15,5 чакырым канал салуу керек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM