Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 489 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Чынгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына сынак жарыялады.

Агенттиктен белгилешкендей, сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар, иштер менен материалдар көркөм чеберчилиги боюнча маанилүү болууга, уландар менен кыздардын бай рухий дүйнөсүн ачып берүүгө жана аларды Кыргызстандын элине жан-дили менен кызмат кылууга чакырууга тийиш.

Сыйлыктар 11 номинация боюнча берилет:

— адабият жаатындагы мыкты чыгармалар;

— журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгармалар;

— музыкалык өнөрдүн мыкты чыгармалары жана аткаруучулук чеберчилик;

— көркөм искусствонун мыкты чыгармалары (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство);

— шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоорлор;

— театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармалары:

— кино жаатындагы мыкты жетишкендиктер (сценардык, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер);

— илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иштер;

— экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендиктер;

— спорт жаатындагы мыкты жетишкендиктер;

— жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы (лидерлик позицияларды ээлеген жаш жарандарга).

Сыйлыкка 35 жашка чейинки кыз-жигиттер талапкер боло алат.

Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алышат.

Сынактын катышуучуларынын иштери жана башка материалдары 2021-жылдын 10-августуна чейин Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 17 (2-кабат, жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмү) дареги боюнча кабыл алынат. Байланыш телефону: 0 (312) 32-52-18.

Сыйлыктын жобосу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM