Биз менен байланышыңыз

3-майдан бери 73 миңге жакын адам жалпы жарандык паспорт алууга арыз тапшырган

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 672 | 0

Министрлер кабинети ишке киришкен алгачкы 100 күндүктө кандай иштер жасалганы боюнча маалымат берди.

100 күн ичинде өлкө боюнча «open space» форматындагы 7 калкты тейлөө борбору ачылган. Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында, Нарын облусунун Ат-Башы айылында, Бишкек шаарында мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда жаңы калкты тейлөө борборлору ишке кирген.

«Ошондой эле 100 күндүк план алкагында 3-майдан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортко анкета-арыздарды кабыл алуу башталды. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жарандык паспорт даярдоого 72 миң 989 анкета-арыз кабыл алынган. 39 миң 236 биометрикалык чет элдик паспорт даярдалган. Белгилей кетсек, 50 барактан турган паспорт 920 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эсепке албаганда), ал эми 34 барактан турган паспорт 857 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эске албаганда)»,  — деп билдирет Министрлер кабинети.

2021-жылдын 1-апрелинен тарта автоунааларга электрондук паспорту тутуму киргизилген. Бул тутум унаанын завддон жасалган учурунан тарта, Бажы биримдигинин аймагына импорттоо же республиканын чегинен тышкары экспорттоо таржымалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк түзөт. Ал унааны кооптонбой сатууга же сатып алууга жардам берет. Жалпысынан буга чейин 12 унаага паспорт берилген.

2020-жылдын 29-июнунан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Санарип аймак» тутумун баскычтуу ишке ашыруу жүрүп жатат.

Бул иштин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1 миң 506 кызматкери окутуудан өткөн. 2021-жылдын 19-майына карата өлкө боюнча 484 айыл өкмөтү «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутумуна туташтырылып, 446 миң 554 үй чарбасы жана 1 млн 517 миң 52 жаран катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM