Биз менен байланышыңыз

«Сугат сууну бөлүштүрүүдө миллиондогон акчалар сол чөнтөккө кетип жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Июн 2021 | 3480 | 3

Сугат суунун дыйкандарга жетпей жатканына бул тармактагы чырмалышкан коррупция себеп болууда. Мындай пикирин мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул маселеде суунун коңшу мамлекеттерге кетип жатканы тууралуу сөз кылбай эле койсо болот. Анткени учурдагы сугат суунун тартыштыгы маселеси суунун өлкө ичиндеги дыйкандар арасында калыс бөлүштүрүлбөй, жең ичинен сатылып кетип жатканынан улам чыгып жатат.

«Ал жерде миллиондогон, миллиарддаган акча жеке чөнтөккө кетип жатат. Суунун башында ким отурганын, ким сууну сатып жатканын фермерлер жакшы билишет. Бизде 200-300 гектар жер иштеткен 100-1000дей дыйкан бар. Алар жерине суу кенен жетсин үчүн 2-3 млн сомду суу башындагыларга жөн эле карматып коет. Расмий түрдө 500 литр суу заказ кылышы мүмкүн, иш жүзүндө 1,5 миң литр жөнөтүлөт. Документтер боюнча башка көлөм, иш жүзүндө башка көлөм. Ошентип атып, 5 гектар, же 1 гектар иштеткен карапайым дыйкандарга суу жетпей калып атат», — дейт ал.

Тилек Токтогазиевдин пикиринде, Кыргызстан суунун башында туруп, суу жетпейт деп отурганы туура эмес. Ал чөлдө жайгашып, бирок айыл чарбасын суу менен 100% камсыздап жаткан Израилди мисал келтирди.

«Мен министр болуп турганда Израилдин элчиси менен сүйлөшкөм. Алар чөлдө турса да, айыл чарбасын суу менен 100% камсыздап жатышат. Алардын ыкмасын Кыргызстанга алып келүү керек. Бизде ресурс жок эмес, ресурстарыбыз аябай көп, биз аны туура эмес пайдаланып жатабыз», — дейт мурунку айыл чарба министри.

3 пикир

3 пикир

  1. Нуржамал Чымынтаева

    16.06.2021 11:45

    Токтагазиевди айыл чарба минстри бойдон калтырсак , жылыш кобуроок болмок .Билимдуу балдар эмес кайрадан базары откон чалдар минстр болуп шайланышы туура эмес .

  2. Джумашева Замира

    16.06.2021 11:56

    Тилек Токтогазиевди кайрадан министр с/х кылып ,алып келиш керек.Иштей турган бала.

  3. Pingback: Причиной недостатка поливной воды является коррупция — Тилек Токтогазиев | LIVE.KG

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM