Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын курамасы Японияга 1:5 эсебинде жеңилди

Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2021 | 1253 | 0

Футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өткөн беттеште Кыргызстандын курамасы Японияга 1:5 эсебинде жеңилип калды.

Беттеш Япониянын Суйта шаарында өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те башталды.

Беттештеги биринчи голду 27-мүнөттө япониялык оюнчу Адо Онаиу пенальтиден киргизди. Андан кийин ал 31 жана 33-мүнөттө катары менен эки гол киргизип, эсепти 0:3 кылды.

Биринчи бөлүктүн аягында (45+1) Япониянын айып аянтчасында Гүлжигит Алыкуловго карата эреже бузулуп, калыс пенальти белгиледи. Пенальтини Мирлан Мурзаев тээп, Кыргызстандын жалгыз голун киргизди.

Беттештин экинчи бөлүгүнүн 73-мүнөтүндө Се Сасаки эсепти 1:4 кылса, 78-мүнөттө Такума Асано бешинчи голду киргизди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM