Биз менен байланышыңыз

Кремль Путин менен Байдендин жолугушуусунда эмнелер талкууланарын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 607 | 0

Орусия президентинин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байдендин жолугушуусунда эмнелер талкууланарын айтып берди.

Белгилей кетсек, Путин менен Байден 16-июнда Швейцариянын Женева шаарында жолугушат.

Ушаковдун айтымында, жолугушууда өзөктүк курал, климаттын өзгөрүшү, киберкоопсуздук жана эки өлкөнүн абакта болгон жарандары алмашуу маселелери талкууланат.

«Кандайдыр бир макулдашуулар болоруна ишенбей турам. Көрөбүз, айта албайм», — деди ал.

Негизинен эки президент Москва менен Вашингтонду кызыктырган бардык темаларды, дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздук жагдайларын сүйлөшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM