Биз менен байланышыңыз

Новосибирскте жарылуу болгон май куюучу жайдын директору кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 653 | 0

Кечээ, 14-июнда Новосибирскте өрт чыгып, жарылуу болгон май куюучу жайдын директору кармалды. Бул тууралуу «ТАСС»  агенттиги жазды.

«Учурда кылмыш жасоого шектелип май куюучу жайдын 57 жаштагы директору жана 37 жаштагы инженери кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Өрт фактысы боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин 238-беренесинин 2-бөлүгү (Коопсуздук талаптарына жооп бербеген иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү) боюнча кылмыш иши ачылган.

Эскерте кетсек, май куюучу жайдагы жарылуудан 35 киши жаракат алганы айтылууда. Алардын ичинде 3 кыргызстандык жаран бар: 53 жаштагы жарандын денесинин 20%ы, 20 жаштагы жигиттин денесинин 5%ы жана 33 жаштагы жарандын денесинин 7%ы күйгөн. Ошондой эле бир кыргызстандык жаран ижарага алып иштетип жүргөн кафе, дөңгөлөк алмаштыруучу жай өрттөнүп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM