Биз менен байланышыңыз

Месси Аргентина курамасынын тарыхында мыкты чабуулчу болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2021 | 1158 | 0

Лионель Месси Аргентина курамасынын тарыхында мыкты чабуулчу болду. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги жазды.

Ал Бразилияда өтүп жаткан Америка Кубогунда Чили менен болгон беттеште 39-голун киргизген. Муну менен ал Аргентина курамасы үчүн эң көп гол киргизген оюнчу болуп калды. Ага чейин биринчи орунда футболдук карьерасын аяктаган Габриэль Батистута турган.

Белгилей кетсек, Аргентина менен Чилинин беттеши 1:1 эсебинде тең чыккан.

2014-жылы Месси Аргентина курамасынын катарында Дүйнө чемпионатында экинчи орунду алган, Америка Кубогунун күмүш байгесин үч (2007, 2015, 2016-жылдары) жана коло байгесин бир жолу (2019-жыл) утуп алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM