Биз менен байланышыңыз

НАТО лидерлери Украина менен Грузия бирикмеге кирерин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 385 | 0

Брюсселде өткөн саммитте НАТО лидерлери Украина менен Грузиянын бирикмеге кирүү укугун колдоду. Бул тууралуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жасалган билдирүүдө айтыларын «РИА Новости» агенттиги жазды.

Бирок алар уюмга качан кирери так айтылган эмес.

«Биз кайрадан 2008-жылы Бухарестте өткөн жолугушууда Украина менен Грузия НАТОнун мүчөсу болот деп кабыл алынган чечимди колдойбуз», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, НАТО – АКШ, Европанын көпчүлүк мамлекеттери, Канада, жалпысынан 30 мамлекет кирген аскерий-саясий уюм. Ал 1949-жылы түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM