Биз менен байланышыңыз

2013-2018-жылдары дүйнөдө ыктыярдуу донорлордун саны көбөйгөн

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 607 | 0

Жыл сайын донорлор дээрлик 120 млн кан бирдигин (доза) тапшырат. Анын 40%ы жарандары бардар жашаган мамлекеттерге туура келет.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, 2013-2018-жылдары дүйнөдө ыктыярдуу түрдө кан тапшырган адамдардан кан алуу процедуралардын саны 7,8 миллионго көбөйгөн.

Бүгүнкү күнү дүйнөдө кан тапшырган донорлордун саны аздык кылат. Жыл сайын 14-июнда дүйнөдө Кан донорлорунун күнү белгиленет. Ал күн адам өмүрүн куткарууга жардам берип жаткан донорлор тууралуу айтып берип, бул маселеге көңүл буруу үчүн белгиленип келет.

ДССУнун көрсөтмөсү боюнча бир өлкөдө миң адамга 40 кан донору туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда миң адамга 5-6 адам гана туура келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM