Биз менен байланышыңыз

Эрдоган менен Байдендин жолугушуусу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 427 | 0

Кечээ, 14-июнь күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин жолугушуусу болду. Жолугушуу Брюсселде НАТО саммитинин алкагында өттү.

Маалымат жыйында Американын президенти сүйлөшүүлөр жакшы маанайда жана жемиштүү өткөнүн билдирди. Байдендин айтымында, алдыда эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү улантышат.

«Эки тараптуу алакада чыныгы алдыга жылыштарга жетерибизге ишенем», — деди ал.

Эрдоган да жолугушуу жемиштүү болгонун айтып өттү.

«Биз АКШ менен Түркиянын ортосундагы алакада маселе жок деп ойлойбуз. Маселелерге караганда кызматташуубуз көбүрөөк», — деди ал.

Буга чейин эки президенттин жолугушуусунун алдында Иран, Сирия, Тоолуу Карабах, Жер ортолук деңиздин чыгыш аймагы боюнча маселелер талкуулана турганы айтылган. Акыркы мезгилде Түркия менен АКШнын ортосунда бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктер жаралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM