Биз менен байланышыңыз

Ошто мугалимдерге жана окуучуларга программалоо боюнча жайкы лагерь уюштурулду

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 301 | 0

Ош шаарында окуучулар жана мугалимдер үчүн программалоо боюнча жайкы лагерь уюштурулду. Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунан билдиришти.

Лагерь аталган фонддун жана Кыргыз информатиктер ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулуп жатат. Ал 13-июнда башталып, 18-июнга чейин уланат.

Программалоо боюнча беш күндүк лагерь Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мугалимдерин окутууга багытталган. Алар өздөрүнүн окуучулары менен биргеликте информатиканы үйрөнүүнүн жаңы багыттары менен таанышып, Python тилинде программалоо жөндөмүн арттыра алышат.

Иш-чара окутуу элементтери менен бирге олимпиада форматында кыргыз тилинде даярдалган. Үч облустан экиден команда тандалган. Ар бир командада бир мугалим жана төрт окуучу бар.

Лагерь «Сорос-Кыргызстан» фондунун аймактарда IT билим берүүнү колдоо боюнча иштеринин бири болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM