Биз менен байланышыңыз

Марипов билим берүү тармагын санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 260 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билим берүү тармагын санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Министрлер кабинетинин ишинин маанилүү багыттарынын бири катары билим берүү тармагын санариптештирүү саналат, бул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек. Коронавирус инфекциясынын пандемиясы сунушталып жаткан билим берүү сапатын жогорулатуу жана аралыктан окутуу үчүн тийиштүү инфраструктураны камсыздоо боюнча зарыл чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн тастыктады. Бул жаатта мындан ары карай билим берүү тутумун санариптештирүүнү өркүндөтүү үчүн бардык шарттарды түзүү маанилүү», – деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө мектептерди интернет менен камсыздоо, ошондой эле билим берүү тармагындагы маалыматтык тутумдардын иштеши маселеси талкууланды.

Кеңешмеде айтылгандай, учурда билим берүү тармагында бир катар инновациялык чечимдер ишке киргизилип, иштеп жатат. Анын катарында: билимди башкаруу маалыматтык тутуму, мектепке электрондук жазылуу, бала бакчага электрондук кезек, жаңы китеп, электрондук китепкана, «Санарип сабак» аралыктан окутуунун билим берүү порталы, башталгыч класстар үчүн билим берүү порталы (1-4 класстар), негизги класстар үчүн билим берүү порталы (5-9-класстар), электрондук китепкана (lib.kg), ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун автоматташтырылган тутуму, ЖОЖ студенттери үчүн ачык билим берүү порталы, «Санарип мектеп» (LMS) маалыматтык тутуму, чет элдик ЖОЖдорго тапшырууга катталуунун автоматташтырылган тутуму, электрондук лицензиялоо жана аккредитациялоо.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигине, «Кыргызтелеком» ААКына, Санариптик өнүктүрүү министрлигине жаңы окуу жылына сапаттуу даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM