Бишкектеги базарларда сабиздин баасы 100 сомго чейин чыкты. Бул тууралуу «Маралга» угармандар чалып билдирди.
Тактап айтканда, сабиздин дүң баасы 70 сомдон 85 сомго чейин, ал эми чекене соода жайларында жана дүкөндөрдө 85 сомдон 100 сомго чейин сатылууда. Соодагерлердин айтымында, учурда сабизге Орусия жана Казакстанда суроо-талап көп болуп жаткандыктан, ортомчулар бааны көтөрүп жиберишкен. Ошондой эле дагы бир себеби жаңы түшүм азырынча Кыргызстандын базарларына чыга элек.
Белгилей кетсек, акыркы айда жашылча-жемиштин баасы бир кыйла кымбаттаган. Алсак, жаңы чыккан пияздын баасы 35-40 сом, картошканын баасы 55-70 сом болууда.