Биз менен байланышыңыз

Быйыл беш айда 82 миң киши айдоочулук күбөлүк алды

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 453 | 0

Быйыл беш айда 82 миң адам айдоочулук күбөлүк алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Алардын ичинен 41,5 миң адам айдоочулук күбөлүктү алгач ирет алып жатса, 27,5 миң жаран жоготконуна, мөөнөтү аяктаганына, аты-жөнүн алмаштырганына байланыштуу кайра алган. Дагы 11,8 миң адам кайра окуудан өтүп, жаңы айдоочулук күбөлүктүү болгон. Андан тышкары 774 жаран эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM