Биз менен байланышыңыз

УКМК: Пара талап кылууга шектелип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 298 | 0

Ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү «Т.И.М.» кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Белгилүү болгондой, быйыл 18-майда Т.И.М. башында турган Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды  күч колдонуп, үч унаа менен Ош шаарынын четине алып чыккан. Алар жабырлануучуну курал менен коркутуп, «Мерседес-Бенц» унаасын тартып алып, «общактын кассасына» деп 300 миң сом талап кылышкан. Мындан тышкары Досоновдун жеке айдоочусумун деген «Р.у.А.» кошумча миң доллар сураган.

Кармалган «Т.И.М.» УКМКнын Ош облусундагы башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул ишке катышы бар башка адамдарды табуу иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM