Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан айрым айыл чарба өнүмдөрүн экспортоого кайра тыюу салат

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 230 | 0

Кыргызстандын Министрлер кабинети айрым айыл чарба өнүмдөрүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден тышкары башка өлкөлөргө экспортоого кайра тыюу салууну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документте буудай, жүгөрү, арпа, күрүч, ун, өсүмдүк майын, жумуртка, кумшекер, тоюттарды 8-июлдан тарта 6 айлык мөөнөткө экспорттоого тыюу салынары белгиленген. Тыюу салуу транзит, реэкспорт жана Министрлер кабинети көрсөтүүчү гуманитардык жардамга тиешелүү эмес.

Токтом долбоорунда бул чаралар быйыл жаздын кеч келип, жазгы талаа иштерине кедерги болгонуна, быйылкы жай кургакчыл болору күтүлүп, пандемия токтобой жатканына байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун эске алуу менен көрүлүп жатканы айтылат. Аны менен бирге мындан мурда айрым айыл чарба азыктарын экспорттоого тыюу салынгандан кийин ички базардагы абал кайсы бир деңгээлде турукташканы белгиленет. Бирок чектөө алынгандан кийин ал азыктардын экспорту кайра жанданып, алдыда баалардын өсүшүнө алып келери жазылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM