Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы «Эко такси» муниципалдык кызматын түзүүнү пландоодо

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 420 | 0

Бишкекке «Эко такси» муниципалдык кызматын түзүүнү пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Калаа бийлиги айрым ММКлардагы «мэрия «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуудан баш тартты» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилейт.

Учурда Бишкек мэриясы банктын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Иштер борбор калаанын транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбековдун келиши менен жанданган.

Мэрия Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен электр автобустарын жана электр унааларды алуу, ошондой эле «Эко такси» муниципалдык кызматын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө.

Кийинчерээк банк менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде аталган багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу толук маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM