Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Өзбекстанга шаарларды өнүктүрүү үчүн 100 млн доллар бөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 538 | 0

Дүйнөлүк банк Өзбекстанга шаарларды өнүктүрүү үчүн 100 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу kun.uz сайты жазды.

Ал каражат «Орто шаарларды комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында кошумча каржылоо катары берилет. Аталган долбоор Өзбекстанда 2019-жылдан бери Бухара облусундагы Каган шаарында, Намангандагы Чартак, Ташкент облусундагы Янгиюл менен Пскент шаарларында ишке ашырылып келет.

Эми долбоор Кашка-Дарыя жана Сурхан-Дарыя облустарындагы шаарларда да жүзөгө ашырыла баштайт. Долбоорго киргизиле турган калаалардын тизмеси 6 ай ичинде такталып чыгат.

Долбоордун алкагында эки облустун калааларында муниципалдык кызматтардын ишин жана шаар инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзүлөт. Маселен, шаардагы суу жана канализация тутуму, көчөдөгү жарыктандыруу жакшыртылып, жолдорунда, сейил бактарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт ж.б.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM