Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Кыргыз кино күндөрү өтөт

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 293 | 0

Өзбекстанда Кыргыз кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаменти билдирди.

10-июнь күнү Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевдин «Өзбеккино» улуттук агенттигинин директору Фирдавс Абдухаликов менен онлайн жолугушуусу болгон. Анда июль айында Анжиянда боло турган жолугушуу, департамент менен аталган агенттиктин ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча жол картага кол коюу маселелери талкууланган.

Андан тышкары быйыл Өзбекстанда болору белгиленген Кыргыз кино күндөрүн өткөрүү маселе каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM