Биз менен байланышыңыз

Израилде премьер-министр алмашты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 501 | 0

Израилде премьер-министр алмашты. Бул тууралуу ВВСˈнин орус кызматы жазды.

Жекшемби, 13-июнь күнү Израилдин парламенти көпчүлүк добуш менен жаңы коалициялык өкмөттү бекитти. Муну менен 12 жылдан бери премьер-министр болуп келген Биньямин Нетаньяху кызматтан кетти. Ал парламенттик оппозициянын лидери болуп калат.

Эми өкмөттү мурда Коргоо министри болгон Нафтали Бенет жетектейт. Коалиция түзүлгөндөгү макулдашууга ылайык Бенет эки жыл премьер-министр болуп, андан кийин ал орунду «Еш Атид» партиясынын төрагасы Яир Лапидге эки жылга парламенттик шайлоо болгонго чейин бошотуп берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM