Биз менен байланышыңыз

Төрөбай Зулпукаровдун диплому жасалма экени аныкталды (документ)

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 2867 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктаганы жөнүндө диплому жасалма болуп чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин УКМКга берген жообунда айтылат.

Министрлик билдиргендей, Зулпукаров аталган окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүндө 1995-1998-жылдары окуп, 1998-жылы акча төлөбөгөнү үчүн окуудан чыгарылган.

«Окуудан чыгарылганына байланыштуу ага тарых факультетин аяктагандыгы тууралуу диплом берилген эмес», — деп билдирет министрлик.

2000-жылы Төрөбай Зулпукаровго берилди делген №748 каттоо номериндеги диплом Чолпон Усубалиева аттуу бүтүрүүчүгө таандык болуп чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM