Биз менен байланышыңыз

Жапаров ИИМге жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 505 | 0

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал белгилегендей, акыркы мезгилдерде адам өмүрүн алган ири жол кырсыктар көбөйүп баштады.

Жапаров адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экенин белгилеп, жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдары көбөйгөндүктөн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерге көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле президент жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM