Биз менен байланышыңыз

Душанбеде ШКУ мамлекеттеринин эл аралык кинофестивалы өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 444 | 0

Душанбеде 29-июндан 2-июлга чейин Шанхай Кызматтыштык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин оюн жана телевизиондук тасмаларынын фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Кинофестиваль ШКУга Тажикстандын төрагалык кылганына жана уюмдун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата «Точикфильм» тарабынан уюштурулат.

Кинофестивалга уюмга мүчө 8 мамлекеттин, байкоочу макамы бар 4 өлкөнүн жана диалог боюнча өнөктөш 6 мамлекеттин оюн жана телевизиондук даректүү тасмалары катышат.  Жеңүүчүлөр «Алтын чабалекей» сыйлыгы жана дипломдор менен сыйланат.

ШКУга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Пакистан жана Индия мүчөлүк кылат. Ооганстан, Беларусь, Иран, Монголиянын байкоочу мамлекет, Армения, Азербайжан, Шри-Ланка, Камбоджа, Түркия жана Непалдын диалог боюнча өнөктөш макамы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM