Биз менен байланышыңыз

ЭЭУ: Акыркы 4 жылда дүйнөдө ишке тартылган балдардын саны 8,4 миллионго көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2021 | 373 | 0

Акыркы 4 жылда дүйнөдө ишке тартылган балдар жана өспүрүмдөрдүн саны 8,4 миллионго көбөйүп, 160 миллионду түздү. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун баяндамасында айтылат.

Уюм белгилегендей, ага чейин 2000-2016-жылдар аралыгында ишке тартылган балдардын саны 94 миллионго азайган. Алар пандемиянын айынан мектепти таштап, нан таап жеш үчүн иштөөгө мажбур болгон балдардын саны артышы мүмкүн деп кооптонот.

160 млн жашы жете электин жарымын 5-11 жаштагы балдар түзөт. Ошол эле учурда 5-17-жаштагы 79 млн бала ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуу жерлерде иштөөгө мажбур. 2016-жылдан бери ден соолугуна кооптуу жерлерде иштеген балдардын саны 6,5 миллионго өскөн.

«Жаңы маалыматтар – кооптондуруучу белги. Өсүп келе жаткан муун туш болуп жаткан коркунучтарга көз жума албайбыз», — дейт уюмдун башкы директору Гай Райдер. Анын айтымында, бул абалды оңдоого болот. Ал үчүн балдары бар үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо механизмдери бар.

БУУ 2021-жылды Эл аралык балдардын ишке тартылышын токтотуу жылы деп жарыялаган. Анын башкы максаты – эл аралык коомчулукту балдардын ишке тартылышы менен күрөшүүгө багыттоо. БУУ 2025-жылга чейин бул көрүнүштү түп-тамырынан бери жок кылууга чакырууда.

Баяндаманын авторлору, ал тилектер максатына жетерине күмөн санашат. Себеби, алар пандемиянын айынан 2022-жылдын аягына карата ишке тартылган балдардын саны дагы 9 миллионго артат деп кооптонууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM