Connect with us

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 13 Июн 2021 | 788 | 0

Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Уланбек Молдодосов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Бекдөөлөт Расулбеков менен анын машыктыруучулары жолдомо алуу үчүн чоң мээнет кылганын белгилеп, Олимпиада оюндарында алтын алуусун кааларын жазган.

Расулбеков алдыдагы оюндарда 96 килограмм салмакта күч сынашат.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар Олимпиадага спорттун күрөш, сууда сүзүү, жеңил атлетика, фехтование түрлөрү боюнча жолдомо ала алышкан.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM