Биз менен байланышыңыз

19-июндан тарта Ташкент – Бишкек – Ташкент багыты дагы бир аба каттамга көбөйөт

Кыска кабар | 12 Июн 2021 | 885 | 0

19-июндан тарта Ташкент – Бишкек – Ташкент багыты боюнча учуулар дагы бир каттамга көбөйөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Учурда аталган багыт боюнча жумасына үч жолу: дүйшөмбү, бейшемби, ишемби күндөрү учак каттайт. Бул учууларды «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы тейлейт.

Мындан тышкары Turkish Airlines авиакомпаниясы тейлеген Бишкек – Стамбул – Бишкек багытына дагы кошумча каттамдар ачылат. Белгилей кетсек, аталган компания күнүнө эки жолудан, жумасына 14 каттам жүргүзүп турат.

Эске салсак, учурда «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу Казакстан, Өзбекстан, Орусия , Түркия, Бириккен Араб Эмирлигине түз учууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM