Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгында 6 адам каза болду

Кыска кабар | 12 Июн 2021 | 828 | 0

Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсыгынан 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ууру-Жар айылына жакын жерде «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаа кагышып, натыйжада 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Алардын аты-жөнү такталууда.

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, каза болгон адамдарды милиция кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM