Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери 44 адам сууга чөгүп каза тапкан

Кыска кабар | 12 Июн 2021 | 405 | 0

Жыл башынан бери өлкө боюнча 44 адам сууга чөгүп каза тапкан. Алардын 12си тестиер-өспүрүм болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМ айрыкча 12 жашка чейинки балдардын сууга түшүп кетүүлөрү көп катталып жатканын айтат.

Алсак, ушул кырсыктан Чүй облусунда 10 адам каза тапса, анын бири тестиер болгон. Нарын облусунда 2 чоң киши, Талас облусунда 4 адам, анын үчөө жаш бала, Ысык-Көл облусунда 6 адам, анын бирөө жаш бала, Жалал-Абад облусунда 8 адам, анын үчөө жаш бала, Баткен облусунда 1 чоң киши, 1 жаш бала, Ош облсусунда 3 чоң киши, Ош шаарында 2 чоң киши, 3 жаш бала, Бишкек шаарында 4 адам суудан ажал тапкан.

ӨКМ жай мезгилинин келиши менен сууга чөгүп кетүүлөрдүн саны көбөйөрүн айтып, сууга түшүүдө эрежелерди толук сактоого, кооптуу делген аймактардан оолак болууга чакырат. Айрыкча жаш балдарга этият болууну эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM