Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ишкерлери 12 келишимге кол койду

Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 461 | 0

Жалал-Абад менен Наманган (Өзбекстан) облустарынын ишкерлери 12 келишимге кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, Жалал-Абадда облус башчыларынын жана эки өлкөнүн 100гө жакын ишкеринин катышуусунда «Жалал-Абад – Наманган-2021» бизнес-форуму болуп өттү.

Делегация өкүлдөрү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өнүмдөрү менен таанышуусу үчүн көргөзмө-жарманке уюштурулган. Форумдун алкагында өзбекстандык ишкерлерге Жалал-Абад облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилген.

Эки өлкөнүн ишкерлери Намангандын бизнес өкүлдөрүнүн кызыгуусун жараткан Жалал-Абаддагы туризм, балчылык, табигый айыл чарба азыктары жана ташты иштетүү тармактары боюнча жалпы 12 келишимге кол коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM