Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга эмдөө жүргүзүү үчүн 20 млн доллар бөлдү

Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 473 | 0

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 20 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Кошумча каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аркылуу Кыргызстанда иштеп жаткан COVID-19 боюнча ыкчам долбоор (12,15 млн доллар) үчүн бөлүнгөн. Каражаттын жарымы грант, ал эми калган бөлүгү насыя иретинде 38 жылга 0,75% үстөк менен берилүүдө.

«Кыргызстан COVID-19дан катуу жабыркап, вакцинанын пандемия менен күрөшүү, адам өмүрүн куткаруу жана экономиканы толук жандандыруу үчүн орду чоң. Башка өнөктөштөр менен бирге Дүйнөлүк банк падемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү үчүн Кыргызстандын элин колдоону улантууда», — дейт Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Навид Хасан Накви.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM