Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев Тажикстандын «Алтын таажы» ордени менен сыйланды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 728 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгы I даражадагы «Алтын таажы» («Зарринточ») ордени менен сыйланды. Сыйлык Тажикстандын президентинин жарлыгы менен ыйгарылган.

ASIA-Plus жазгандай, Орден Мирзиёевдин Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында, 10-июнда «Кохи Борбад» мамлекеттик комплексинде өткөн «Достук кечеси» концерти учурунда тапшырылган.

«Тажик жана өзбек элдеринин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди арттырууга, мамлекеттер аралык алаканы бекемедөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн боордош өлкөнүн башчысы Шавкат Мирзиеев Тажикстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — I даражадагы «Зарринточ» ордени менен сыйланат», — деп айтылат Тажикстандын президентинин сайтында.

Буга чейин чет өлкө башчыларынан бул сыйлыкты Кытайдын лидери Си Цзиньпин гана алган. Ал эми «Зарринточ» ордени менен Тажикстанда парламенттин жогорку палатасынын мурдагы төрагасы Махмадсаид Убайдуллоев жана парламенттин төмөнкү палатасынын мурдагы төрагасы Шукуржон Зухуров сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM