Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 526 адамдан табылып, 7 киши каза болду

Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 339 | 0

Бүгүн, 11-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 526 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 232, Ош шаарында — 101, Чүй облусунда — 43, Ош облусунда — 63, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 25, Жалал-Абад облусунда — 31, Баткен облусунда — 17 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда 303 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 7 киши каза болгон: Бишкекте — 5, Чүй облусунда — 2.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 921 адам, ал эми амбулатордук түрдө 2 миң 323 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 109 миң 193 учур катталды. Анын ичинен 102 миң 18 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 876 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM