Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө пункттар 14-июнда убактылуу жабылат

Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 427 | 0

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт – унаа жолу» жана «Эркечтам – унаа жолу» өткөрмө пункттары 14-июнда убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Жабылуу себеби Кытайдагы салттуу Ажыдаар кайыктарынын майрамына байланыштуу. Өткөрмө пункттар 15-июнда кайра иштеп баштайт.

Чек ара кызматы «Торугарт – унаа жолу» жана «Эркечтам – унаа жолу» өткөрмө пункттары атайын алгоритм боюнча иштерин жана жүктөр Кытайдан Кыргызстанга гана ташылып жатканын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM