Биз менен байланышыңыз

Сузакта мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды

Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 344 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дары табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, июнь айынын башында Сузак райондук милициясы тарабынан курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин 253-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Райондук соттун токтомунун негизинде 53 жаштагы Ш.Т. жана 48 жаштагы Ч.А. аттуу Көк-Жаңгак шаарынын тургундарынын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, Ш.Т. аттуу тургундун үйүнөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу курал, 4 даана ок-дары, 16 калибрлүү сайсыз курал, 13 даана ок-дары, 10 даана ок-дарынын идиштери, ок-дары жасоочу аспаптар табылган. Ал эми Ч.А. аттуу жарандын үйүнөн сайсыз 16 калибрлүү курал табылган.

Алынган курал жана ок-дарыларга тиешелүү экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM