Биз менен байланышыңыз

Футбол: 11-июндан тарта Европа чемпиондугу башталат

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 10 Июн 2021 | 639 | 0

Былтыр коронавируска байланыштуу 2021-жылга калтырылган футбол боюнча Европа чемпиондугу  11-июнда Италиянын борбору Рим шаарында башталат.

Биринчи оюн Римдеги «Олимпико» стадионунда өтөт. Анда «А» тайпасындагы Түркия менен Италиянын курама командалары беттешет. Оюнду көрүүгө күйөрмандар киргизилет. Бирок 70 миң адамга эсептелген стадионго 18 миңге жакын күйөрманды гана киргизүүгө уруксат берилген.

Күйөрмандар стадионго кириши үчүн эмделгендиги тууралуу документ, иммуноглобулин (антитело) тууралуу маалымкат же коронавируска тапшырылган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот. Стадиондун кире беришинде 48 термосканер орнотулган.

Ошондой эле миңге жакын ыктыярчы санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп турат.

Белгилей кетсек, бул мелдеш Европанын 11 шаарында өткөрүлмөкчү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM