Биз менен байланышыңыз

Poland Open мелдеши: Айпери Медет кызы коло үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 10 Июн 2021 | 583 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Poland Open мелдешинде коло байге үчүн күрөшөт.

Айпери Медет кызынын атаандашы орусиялык Наталья Воробьева болот.

Мелдештин жүрүшүндө кыргызстандык балбан кыз үч таймаш өткөрдү. Алгачкы беттеште ал польшалык Патрисия Сперканы, андан кийин чейрек финалда египеттик Самар Амер Ибрахим Хамзаны жеңген. Бирок жарым финалда эстониялык Епп Маеге жеңилип калды.

Poland Open мелдеши Польшанын Варшава шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, 62 килограмм салмакта күрөшкөн балбан кыз Айсулуу Тыныбекова аталган мелдештин финалына чыккан.

Айсулуу Тыныбекова Poland Open мелдешинин финалына чыкты (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM