Биз менен байланышыңыз

Европада коронавируска каршы чектөөлөр алына баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 490 | 0

Европа биримдигинде коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр алына баштады.

Бельгияда көчөдө беткап тагынуу талабы алып салынып, былтыр октябрь айынан бери жабык турган ресторан менен барларга жабык имараттын ичинде кардар кабыл алууга уруксат берилди. Жергиликтүү ЖМКалар бул күндү «эркиндик күнү» деп атады.

Ошондой эле чектөөлөр Францияда да жеңилдетиле баштады. Маселен, коменданттык сааттын убактысы кечки 21:00ден 23:00гө жылдырылды. Фитнес-борборлор менен аттракциондордун иштөөсүнө уруксат берилди. Коомдук тамактануучу жайларга имараттын ичинде кардар кабыл алууга уруксат берилди. Бирок социалдык аралыкты сактоо жана бет кап тагынуу талаптары күчүндө калууда.

Чектөөлөрдүн алынышы менен Финляндиянын баш калаасы Хельсинкиде көргөзмө уюштурулду. Ал жерде 40тан ашык экспонат көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM