Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кенияда дарыгерлер жарандарга вакцинанын ордуна суу сайган

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 385 | 0

Кенияда дарыгерлер жарандарды коронавируска каршы вакцинанын ордуна суу менен эмдеген. Бул тууралуу Liter.kz басылмасы жазды.

Vice басылмасы жазгандай, Кенияда атайын медициналык борборлордо жарандар AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөдөн өткөрүлүп жаткан. Бирок эмделүүнү каалагандардын саны көп болуп, алардын баарына вакцина жетпегендиктен айрым дарыгерлер алдамчылыкка барган. Алар жарандарга акча төлөп вакцина алууну сунуштап, бирок анын ордуна суу сайышкан.

Бул окуя ачыкталгандан кийин алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал учурда бийлик жарандарды эмдөө үчүн акча төлөбөөгө чакырууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM