Биз менен байланышыңыз

Жубайлар ЭКО жасатууда эмнеге маани бериши керек? (адистин жообу)

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2021 | 684 | 0

Балалуу болууну каалаган жубайлар ЭКО (жасалма уруктандыруу) жасатууда дарыгерди туура тандашы керек. Бул тууралуу «AnkaMedicalService» клиникасынын дарыгери Гулзат Сапардин кызы «Маралга» берген маегинде айтты.

Анын айтымында,  Кыргызстанда акыркы жылдары тукумсуздук дартына чалдыккандардын саны жыл санап өсүүдө. Ошондой эле бул тенденция дүйнөлүк масштабда да байкалууда. «Дүйнөдөгү калктын 20% тукумсуздукка чалдыккан. Бул көрүнүш жыл санап өсүүдө. Жубайлардын тукумсуздугуна себептерди изилдегенде 30% дарт аялдарга туура келсе, 60% эркектердин ден соолугунун начар экендиги аныкталат».

Мындан улам, дүйнөдө жубайлардын бул көйгөйүн жоюуда экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО) ыкмасы кеңири жайылган. Кыргызстанда да бул жаатта ишмердүүлүк жүргүзгөн ондогон клиникалар бар. Адис Гульзат Сапардин кызынын айтымында, балалуу болууну каалаган жубайлар ЭКО жасатууда дарыгерди туура тандоосу зарыл.

«Бул жаатта иштеген клиникалардын жабдуулары заманбап болушу керек. Ошол эле учурда дарыгерлердин да бир канча жылдык тажрыйбасы болсо жакшы. Анткени жасалма уруктандыруунун астында жубайлардын ден соолугун калыбына келтирүү процесстери бар. Мына ушулар так аткарылганда гана жакшы натыйжага жетүү мүмкүн», — деп белгилейт дарыгер.

Кошумчалай кетсек, “AnkaMedicalService” балалуу болууну каалаган жуптардын бирөөсүнө акысыз ЭКО баштыкчасын берүү үчүн 1-майдан 31-июнга чейин акция жарыялаган.

Баштыкча төмөндөгүлөрдү камтыйт:

-Түркиянын аэропортунан тосуп алуу жана узатуу

-Трансфер

-Котормочу

-Турак жай менен камсыздоо

-Дарылануу процессинде керектелүүчү анализдер

-Лабораториялык процесстер

Акцияга катышуу үчүн:

  1. Инстаграмдагы @ankamedicalservice баракчасына катталуу
  2. Анда акысыз ЭКО пакет тууралуу постту сториз жана жеке баракчага бөлүшүү
  3. info@ams.kg электрондук дарегине аты-жөнүңүз жана жашыңызды жазып жиберишиңиз зарыл. Темага ЭКО деп жазууну унутпаңыз!

Анализдерди тапшыруу жана жыйынтыктары менен таанышып чыгуу процесси көпкө созулгандыктан конкурс 1.05.2021 де башталып, 30.06.2021де аяктайт.

Толук маалымат үчүн: 📞Тел: 0999 777 520

🏠Орозбеков, 2/2

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM