Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Түркиядан инвестиция, алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдарбыз

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 451 | 0

Кыргызстан Түркиядан инвестиция, алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинде бизнес коомчулуктун алдында сүйлөп жатып билдирди.

Жапаров Кыргызстан эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдарлыгын жана ал үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экенин белгилеген. Ал бүгүнкү иш-чара эки өлкөнүн ишкерлер ортосундагы жемиштүү байланыштарды өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенерин айткан.

«Экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү биздин ишибиздин башкы артыкчылыгы катары карайм. Кыргызстанда түрк инвесторлору көп, биз алар үчүн ар дайым ачыкпыз жана жаңы ишкерлерди кабыл алууга дайым даярбыз. Кыргыз тарап ак ниет  инвесторлордун демилгелерин толугу менен колдойбуз жана аларга максималдуу жардам берип келебиз.  Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын инвестицияларын, алдыңкы технологияларын жана менеджментин тартууга кызыкдарбыз», — деди ал.

Жапаров президенттик кызматка киришери менен 2 жарлыкка кол койгонун белгиледи: «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жана «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө». Бул жарлыктардын негизги максаты — биздин өлкөбүзгө болгон инвесторлордун ишенимин арттыруу, ачык бизнес жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү.

Президент белгилегендей, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция кабыл алынды. Анда мамлекет тараптан инвесторлорго шарт түзүп берүү жана аларды коргоо боюнча атайын берене камтылган. Андан соң Инвестициялар министрлиги түзүлдү. Жаңы министрлик потенциалдуу инвесторлор үчүн «бирдиктүү терезе» принцибинин алкагында кызмат көрсөтүп, жеңилдиктерди камсыз кылат.

Андан тышкары, Кыргызстан инвестициялык потенциалы чоң — ЕврАзЭС өлкөлөрүнө, Кытай рынокторуна эркин чыгуу үчүн «терезе» болуп берүүгө даяр. Садыр Жапаров түрк компаниялары биздин өлкөнүн потенциалын пайдаланып, аталган рынокторду эркин өздөштүрө аларына ишенерин билдирди.

«Бизде өнөр жай, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатында, айыл чарба, туризм секторлору, тоо-кен, жеңил өнөр жай, гидроэнергетика, электрондук коммерция, инновациялык технология сыяктуу эки өлкөнүн кызыкчылыгын камтыган бир катар тармактарда түрк бизнесине сунуштай турган долбоорлорубуз бар. Түрк ишкерлерин Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууга, кыргыз-түрк кызматташтыгынын болгон потенциалын толук колдонууга чакырамын. Мен  ушул жылдын 9-июлунда Ала-Тоонун боорунда өтө турган Кыргыз-түрк Ысык-Көл бизнес-форумун өткөрүүнүн маанисине өзгөчө токтолгум келет. Биз Ысык-Көл бизнес-форумунун масштабдуу өткөрүлүшүнө абдан кызыкдарбыз жана бул иш-чарага активдүү катышууга түрк компанияларын жана ишкерлерин чакырабыз», — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы мындан ары Кыргызстандын министрлери өздөрү инвесторлордун артынан түшөрүн белгиледи.

Бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн инвестицияга жагымдуу шарттары жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.

Андан ары Кыргызстандын инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов инвесторлорго шарт түзүү, өлкөнүн инвестициялык маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына сунушталган түзөтүүлөр, өлкөгө чет элдик түз инвестицияларды тартуунун жаңы механизмдерин киргизүү жөнүндө кеңири айтып берди.

Өз кезегинде Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинин өкүлдөрү түрк ишкерлеринин Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга кызыгууларын, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда өтө турган Ысык-Көл бизнес-форумуна катышууга ниеттенип жатышканын билдиришти.

Белгилей кетсек, жолугушууга түркиялык «Tekfen holding», «Coca Cola sucuкluk a.ş.», «Bilkent holding», «Eczacibaşı», «Simetri grup», «Özdersan Deri  Makinaları», «Yılmaz teknoloji», «Pasifik Eurasia lojistik dış ticaret» сыяктуу ири компанияларынын өкүлдөрү катышты. Алар энергетика, жеңил өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы, нанотехнология, фармацевтика, айыл чарба, логистика, машина куруу жана башка чөйрөлөрдө иш алпарышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM