Биз менен байланышыңыз

Кытай чет элдик санкцияларга каршы мыйзам кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 412 | 0

Кытайдын жогорку мыйзам чыгаруу органы бүгүн чет элдик санкцияларга каршы мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телеканалы маалымдады.

Аталган мыйзам Бээжинде өткөн Бүткүл Кытай эл өкүлдөрүнүн жыйынынын Туруктуу комитетинин 29-сессиясында кабыл алынган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Европа биримдиги, АКШ, Улуу Британия жана Канада Синьцзяндагы уйгурлардын укуктарын бузууга айыптап, кытайлык жарандар менен уюмдарга каршы санкция киргизген. Кытай ага дароо жооп берген. Андан тышкары, март айында АКШ Синьцзяндын «автономиялуулугун азайтуу» аракеттери үчүн Кытайдын жана Гонконгдун 24 аткаминерине каршы санкция киргизген. Бээжин ага каршылыгын билдирип, жооп кайтарарын убада кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM