Биз менен байланышыңыз

Байден Трамптын TikTok, WeChatˈка тыюу салган жарлыгын жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 434 | 0

Байден Трамптын TikTok менен WeChatˈка тыюу салган  жарлыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу interfax.by жазды.

Дональд Трамп эки социалдык тармакка тыюу салган жарлыгын 2020-жылдын 6-августунда чыгарган. Ошондой эле 2021-жылдын 5-январында Кытайдын интернет тиркемелерине чектөө киргизген жарлык кабыл алган.

Жо Байден бул жарлыктар күчүн жоготконун маалымдады.

АКШнын азыркы бийлиги Кытайда иштелип чыккан тиркемелер боюнча коопсуздук тармагындагы тобокелдиктерди баалоо үчүн өзүнүн талдоосун жүргүзүүгө ниеттенүүдө. Ага байланыштуу АКШнын Соода министрлиги Кытайда иштелип чыккан тиркемелер менен байланышкан транзакциялар тууралуу маалыматтарды изилдеп чыгат. Андан соң министрлик америкалыктардын жеке маалыматтарын мындан ары кантип коргоо тууралуу сунушун бериши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM