Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда автобус урандыда калып, 9 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 681 | 0

Түштүк Кореянын Кванчжу шаарында автобус ураган имараттын алдында калып, 9 адам каза тапты. Бул тууралуу «Российская газета» жазды.

Кырсык 9-июнь күнү болжол менен саат 4:00дө болгон.

Автобус аялдамага токтогондо, беш кабат имарат урап түшүп басып калган. Чакырык менен келген куткаруучулар 17 жүргүнчүнү алып чыгышкан. Алардын сегизи ар кандай жаракат алса, тогузу жеринде каза тапкан.

Белгилүү болгондой, ураган имараттын үстүнкү кабатын бузуп, кайра оңдоо (демонтаж) иштери жүрүп жаткан. Жумушчулардын айтымында, үйдү бузуп жаткан учурда бир башкача үндү эшитишип, таң каларлык термелүүнү сезишкен. Ошол себептен ишти токтотуп, дароо чыгып кетишкен. Алар чыгып кетери менен имарат кулап түшкөн.

Кореянын президенти Мун Чжэ Ин аталган окуяны тыкыр иликтеп чыгууну, каза болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга кенемте төлөп берүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM