Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 295 | 0

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горькийден Кулатовго чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган көчөнүн Горькийден Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.

Быйыл Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Ахунбаев менен Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Жол иштери сентябрь айынын соңунда бүткөрүлөт.

Узундугу 1,9 чакырым болгон тилкеде жаңы асфальт төшөлүп, жаң арыктар, тротуарлар салынат. Ошондой эле жолдун туурасы 9 метрге чейин кеңейтилет.

Оңдоо иштери Кытай бөлгөн гранттын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM