Биз менен байланышыңыз

Мирзиёевдин Тажикстанга расмий сапары башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 474 | 0

Бүгүн, 10-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбеге расмий сапар менен келди.

Мирзиёевди аэропорттон Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды.

Андан кийин президенттер расмий жолугушуу өтө турган «Улут сарайына» кетишти.

Расмий сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, социалдык объекттердин ачылышына катышат.

Эки мамлекет 30га жакын документке кол коёру пландалууда. Ошондой эле эки президент Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда эки багыттагы темир жолун куруу долбоорун талкуулайт.

Мирзиёевдин расмий сапары 11-июнга чейин созулат. Ал Душанбеге Эмомали Рахмондун чакыруусу менен келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM